ӨКМ аба ырайына байланыштуу чукул билдирүү таратты

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу чукул билдирүү таратты. Анда бүгүнтөн тарта 14-июлга чейин абанын табы кескин жогорулап, күн катуу ысый турганы жазылган.

 

Мындай учурда организмди чаңкоодон жана ысык өткөрүп алуудан сактоо үчүн күндүз күн ачык жерлерде көпкө жүрбөө сунушталат.

 

Адистердин айтымында, ысык аба ырайы айрыкча улгайган адамдар, өнөкөт оорулары бар жарандар үчүн опурталдуу.