Парламент комитети Ысык-Көлдөгү объектилерди чет элдик жарандарга сатуу жөнүндө мыйзам долбоорду жактырды

Парламент комитети Ысык-Көлдөгү объектилерди чет элдик жарандарга сатуу жөнүндө мыйзам долбоорду жактырды. Документке ылайык, башка өлкөлөрдүн жарандарына убактылуу колдонуу укугу менен объектилер берилет.

 

Анын тартибин министрлер кабинети бекитиши керек. Мыйзам долбоорунда белгиленгендей, чет элдиктер объектилерди гана сатып алса болот, ал эми жер тилкелерин ала алышпайт.