Бүгүн жалпы республикалык тестирлөөнүн акыркы туруна каттоо башталды. Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунан билдиришкендей, ал 19-июнга чейин созулат.
Абитуриенттер Бишкектеги №24 мектепте, Оштогу шаардык билим берүү бөлүмүндө каттоодон өтсө болот.
Ал эми тестирлөөнүн өзү 21-июндан 23-июнга чейин Бишкек, Ош шаарларында гана өтөт. Кеч тест кандайдыр бир себептер менен өз учурунда каттоого жетишпей калгандар үчүн уюштурулат.