Кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча жумушчу топтор Бишкекте жолугушту

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер боюнча жумушчу топтору жана топографиялык жумушчу топтору кезектеги жолугушууну өткөрдү.

 

Жолугушуу 19-25-май күндөрү Бишкек шаарында болду.

 

Анда тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгынын калган тилкелердеги өтүүсүн сыпаттоо боюнча сунуштар менен алмашышты. Кыргызстандын Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кийинки жолугушуу Тажикстанда болорун билдирди.

2021-2022-жылдары кыргыз-тажик чек арасында куралдуу кагылыштар катталган. Эки тараптан бир канча киши набыт болгон окуялар үчүн Бишкек менен Дүйшөмбү бири-бирин айыптаган.

 

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 970 чакырымдан ашат. Соңку расмий маалыматтарга ылайык, 50-55 чакырымдай такталбаган тилке калды.