Бишкектен Балыкчыга эми поезд менен жетип алса болот. Каттам 14-июнда кое бериле турганын “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы эскертет. Поезд бир ай ума, ишемби жана жекшемби күндөрү жүрсө, 15-июлдан 31-августка чейин – күн сайын каттайт.
Жүргүнчүлөр үчүн стандарттуу, Люкс жана VIP-вагондор жеткиликтүү. Поезд Бишкектен таңкы саат 7:40 чыгып, Балыкчыга 11:46да жетет.