Мурда атайылап кылмыш жасаган, ал боюнча соттуулугу алып салынганына же жоюлганына карабастан, же ага карата оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча реабилитациялоочу жагдайга кирбеген негиздер менен кылмыш куугунтуктоосу кыскартылган адам нотариус боло албайт;
жеке нотариустардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн зарыл маалыматтардын өзгөргөндүгү жөнүндө 30 күндүн ичинде Юстиция министрлигине маалыматтарды бербегендик — бир айга чейинки мөөнөткө;
жеке нотариус нотариалдык ишти жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актыларды бузса — Нотариалдык палата белгилеген тартипте квалификацияны жогорулатуу боюнча кошумча окуудан өтүү мезгилине;
жеке нотариустун кесиптик этикасынын кодексин бузуу, Нотариалдык палатанын сунушу боюнча — бир айга чейинки мөөнөткө;
архивдик документтерди кагаз жана электрондук (санариптештирилген) түрдө нотариалдык архивге мөөнөттү 30 календардык күнгө чейин бузуу менен тапшыруу — бир айга чейинки мөөнөткө.