15-июндан тарта Ахунбаев көчөсүнүн дагы бир бөлүгү жабылат

15-июндан тарта Ахунбаев көчөсүнүн дагы бир бөлүгү жабылат. Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган көчөнүн Малдыбаев жана Тыныстанов көчөлөрү менен чектелген бөлүгүндө жол оңдоо иштери башталат.

 

Учурда Ахунбаев көчөсүнүн Айтматов көчөсүнөн Токтоналиев көчөсүнө чейинки аралыгына эки катмар асфальт төшөлүп, жол чийиндери тартылып бүттү. Токтоналиев көчөсүнөн Малдыбаев көчөсүнө чейинки аралыкта асфальттын экинчи катмары басылууда.

 

Аталган көчөдө жолду капиталдык оңдоонун биринчи этабы 15-июнга чейин аяктайт.