Кыргызстанда чет өлкөлүк номери менен унаалар текшерилет

Кыргызстанда чет өлкөлүк номери менен унаалар текшерилет.

 

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, акыркы учурда Армения, Абхазия, Россия өңдүү өлкөлөрдөн Кыргызстандын аймагына унаалардын тетиктери бөлүк-бөлүк болуп киргизилип, бул жактан кайра даяр унаа болуп куралып, сатыкка чыккан учурлар аныкталган.

 

Мындай фактыларга жол бербөө максатында Чек ара, Бажы, Салык кызматтары жана Унаа мамлекеттик агенттиги менен биргеликте рейд жүргүзүлөт.