АКШда полиция ырчы жана актёр Джастин Тимберлейкти камакка алды

АКШда полиция ырчы жана актёр Джастин Тимберлейкти камакка алды. Буга артисттин мас абалында унаа айдаганы себеп болгон.

 

18-июнга караган түнү Тимберлейк токтотуу белгисине токтой албай, унаасын өз тилкесинде башкара алган эмес. Муну милиция кызматкери байкап калып, машинени токтотуп, ырчыны камакка алган.

 

Ал түндүн калган бөлүгүн полиция бөлүмүндө өткөргөн. Жыйынтыгында ага расмий түрдө сотто айып тагылып, анан бошотулду.