Ноокенде сел суусу кирген үйлөрдүн 50%ы тазаланып бүттү

Ноокен районунда сел суусу кирген үйлөрдүн 50%ы тазаланып бүттү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, бүгүн селдин кесепеттерин жоюуга Жарандык коргонуу кызматтарынан 13 инженердик техника, 210 кызматкер, 40 куткаруучу тартылып, сел суусу кирген 94 турак жайдын жарымы тазаланды.

 

Эски-Кочкор-Ата айылына баруучу жолдун 4,5 чакырымы толугу менен калыбына келтирилип, суу өтүүчү шакекчелерди коюу жумуштары жүрүүдө.

 

Эске салсак, 17-июнь күнү саат 17:30 чамасында Ноокен районунун Момбеков айыл аймагындагы кокту-колоттордон чогулган сел суулары турак жай, социалдык объекттилерге кирген. Ички чарбалык жолдор, көпүрөлөр жабыркап, 10 жаштагы бала каза тапкан.