Административдик-аймактык реформа боюнча мыйзам кабыл алынды

Парламент Административдик-аймактык реформа боюнча мыйзам долбоорун кабыл алды. Документти эл өкүлдөрү бүгүн экинчи жана үчүнчү окууда колдоп беришти.

 

Реформанын натыйжасында Кыргызстанда айыл аймактардын саны 452ден 235ге чейин кыскара турганы айтылган.

 

Эске салсак, президент Садыр Жапаров былтыр “Административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, өлкөнүн дээрлик бардык райондорунда айыл аймактардын көпчүлүгү бириктирилген.

 

Реформа пилоттук түрдө 2022-жылы Ысык-Көл жана Нарын облусунун айрым райондорунда башталган.