Кыргызстан менен Катар кызматташуу боюнча бир нече документтерге кол койду

Кыргызстан менен Катар кызматташуу боюнча бир нече документтерге кол койду. Бүгүн «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Катардын эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Танинин расмий жолугушуу аземи болду.

 

Сүйлөшүүлөрдөн соң айыл чарба, медицина, маданият, саламаттык сактоо, спорт, укуктук тармакта эки тараптуу кызматташуу боюнча бир катар документтерге кол коюлду.

 

Эске салсак, Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани биринчи жолу мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга кечээ келген.