Катардын эмири мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келет

Кыргызстанга Катардын эмири келет. Шейх Тамим бин Хамад Аль Танинин мамлекеттик сапары 6-7-июнь күндөрү болот.

 

Бул күндөрү Ички иштер министрлиги кызматтын күчөтүлгөн тартибине өтөт. Коомдук тартипти жана жол кыймылын коргоого 3 миңге жакын кызматкер тартылат. Расмий жана салтанаттуу иш-чаралар өтө турган жерлер өзгөчө көзөмөлгө алынып, айрым аймактарда кыймылга маал-маалы менен чектөө киргизилет.