Кыргызстандыктар онлайн юридикалык жардам ала алышат. Юстиция министрлигинен билдиришкендей, мындай формат жарандар үчүн үйдөн чыкпастан эле квалификациялуу жана ар кандай юридикалык маселелер боюнча түшүндүрмө алууга мүмкүнчүлүк түзөт.
Консультациялар 20-июндан 16-августка чейин күн сайын мекеменин социалдык тармактардагы расмий баракчалары аркылуу берилет.
«Бүгүн, 20-июнда саат 15:00дө Юридикалык жардам көрсөтүү жана укуктук агартуу башкармалыгынын начальниги А.Камаева түз эфирге чыгат. Мунун аркасында адамдар укук жаатындагы билимин кеңейтип, кызыктырган суроолоруна жооп алып, укуктук сабаттуулугун арттыра алышат», — деп айтылат маалыматта.