Кыргызстан мектептеринин бүтүрүүчүлөрүнө аттестаттар 28-июнда тапшырылат. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, 9-классты аяктагандар документтерди эртең мененки саат 9да алса, 11-класстын бүтүрүүчүлөрү – 11де.
Быйылкы жылдын өзгөчөлүгү – окуучуларга аттестаттар кагаз түрүндө дагы, электрондук вариантта дагы берилет.
Документтер “Түндүк” порталында сакталат. Эске салсак, быйыл мектепти 76 миң окуучу аяктап жатат. Ал эми 9-классты аяктагандардын саны 127 миңден ашат.