Кыргызстанда ар бир төртүнчү түгөй ажырашат

Кыргызстанда ар бир төртүнчү түгөй ажырашат.

 

Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин 2023-жылга карата берилген маалыматында айтылды. Өлкөдө өткөн жылы жалпысынан 45,5 миң нике катталган.

 

Анын ичинен 13,1 миң түгөй шаарларда үйлөнсө, 32,4 миңи айылдарда баш кошкон. Бирок былтыр эки жолго түшкөндөрдүн саны 12,6 миң түйгөйдү түзгөн.