Ысык-Көлдө гидроциклдерди колдонууга тыюу салуу сунушталды

Ысык-Көлдө гидроциклдерди колдонууга тыюу салуу сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Акыркы убакта жайкы туристтик сезондо Ысык-Көлдүн аймагында гидроциклдер катышкан кырсыктар көп катталууда.

 

Суу транспорту көлдүн экологиясына дагы терс таасирин тийгизет.

 

Мыйзам долбооруна ылайык, гидроциклдерди колдонгону үчүн жеке жактарга 5 миң сом, юридикалык жактарга 10 миң сом айып салынат. Бул аракет кайталанса жеке жактарды 15 миң, юридикалык жактарды 20 миң сом айыпка жыгуу сунушталууда.