Кыргызстан менен Кытай ортосунда 150 миллион долларлык меморандумдарга кол коюлду

Кыргызстан менен Кытай ортосунда 150 миллион долларлык меморандумдарга кол коюлду. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Пекин шаарында ишкерлер менен жолугушууга катышты.

 

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстан менен Кытайдын мамлекеттик органдарынын жана ишкерлеринин ортосунда 150 миллион доллардан ашуун сумманы түзгөн меморандумдарга кол коюлду.

 

Анын ичинде инвестициялар, электр технологиясы, айыл чарба, өнөр жай тармактарындагы мамлекеттик органдардын кызматташуусу тууралуу документтер бар.