Кыргызстан дыйкандары өз убагында күйүүчү май менен камсыздалат

Кыргызстан дыйкандары өз убагында күйүүчү май менен камсыздалат. Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, бардык мунай базаларында жана май куюу станцияларында күйүүчү-майлоочу материалдын жетиштүү запасы бар.

 

Андан тышкары, Материалдык резервдер фонду тарабынан бир литри 65 сомдон дизелдик отун берилип жатат. Эгин биринчилерден болуп Араван, Баткен, Базар-Коргон жана Сузак райондорунда жыйналууда.