Кыргызстанда 10 мал базар ветеринардык-санитардык талаптарды бузганы үчүн убактылуу жабылды

Кыргызстанда 10 мал базар ветеринардык-санитардык талаптарды бузганы үчүн убактылуу жабылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, өлкө боюнча жалпы 58 мал базар бар, анын үчөө жаңыдан салынган.

 

Текшерүү учурунда 47 мал базарда ветеринардык-санитардык нормалар сакталбаганы аныкталып, жазуу түрүндө эскертүү берилди.

 

Ал эми жетөөнө 41 миң сомдон айып салынды.