Кыргызстанда быйыл да тоют экспорттоого убактылуу тыюу салынат. Бул тууралуу айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.
Айыл чарба продукциясынын айрым түрлөрүн сыртка алып чыгууга чектөө чараларын өкмөт 2020-жылдан тартып киргизип келет. Тизмеге чөп, саман, кошмо тоют, кебек жана дан тоют кирет.