Японияда үлпөт тойдун жаңы тенденциясы популярдуу болууда.
Кыздар күйөө баласыз турмушка чыгуу жөрөлгөлөрүн уюштурган учурлар көбөйүүдө. Бул саамалык кадимки тойлордон дээрлик айырмаланбайт. Келин көйнөк тандап, үй-бүлөсүн, досторун ресторанга чакырып, фотосессияга буйрутма берет.
Мындай иш-чара уюштуруунун бир нече себеби бар – айрымдар жөн гана өзүн ак көйнөкчөн көрүүнү кааласа, башкалары ушинтип өзүнүн инсандыгына сүйүү көрсөтүшөт.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.