Мамлекет менен социалдык келишим түзүү үчүн 8 миң 590 аз камсыз үй-бүлө арыз берди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Ведомство маалыматына ылайык, социалдык контрактты социалдык паспорту бар, же “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун алган жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөр түзө алат. Үй-бүлө мамлекеттен 100 миң сом алып, өз бизнесин ачууну чечсе министрликтин аймактык бөлүмүнө арыз бериши керек.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.