Кыргызстан менен Кытай 1 миллиард долларга келишим түздү

Кыргызстан менен Кытай 1 миллиард долларга келишим түздү.

 

Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти. Документтерге 17-20 майдагы Садыр Жапаровдун Кытайга болгон сапарынын алкагында кол коюлду.

 

Арасында Ысык-Көл облусунда күн электр станциясын куруу, жер семирткич заводун ачуу, энергетика министрлиги менен кызматташуу меморандуму жана маданият тармагындагы биргелешкен долбоорлор бар. Буга чейин өлкө башчынын Кытайга болгон сапарынын алкагында 25тей документке кол коюлганы айтылган.