“Айыл чарбасын каржылоо — 12” долбоорунун алкагында 8 миңден ашык дыйкан жеңилдетилген насыя алды.
Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, жалпысынан 3 миллиард сомдон ашык берилди. Каражат мал чарбачылыгы жана өсүмдүк өстүрүү тармактарын өнүктүрүүгө багытталат.
Ведомстводон эске салышкандай, долбоорду ишке ашырууга эки мамлекеттик банк катышат. Насыялоонун жалпы көлөмү 5 миллиард сомду түзөт.