Кыргызстанда пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн 7% көбөйтүү пландалууда. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди.
Ал буга мамлекеттик бюджеттен кошумча 997 млн сом каралып жатканын айтты.
Маалыматка ылайык, план келерки жылы ишке ашат.