Улуттук банк шылуундардан сак болууга чакырат

Акыркы убактарда шылуундар активдешип, социалдык тармактар жана мессенджерлер аркылуу Улуттук банктын жана «Кыргызнефтегаздын» атынан акча берилет деген билдирүүлөр тарап жатат. Мындай маалымат жалган деп билдирет Улуттук банк.

 

Финансылык жөнгө салуу органынан белгилешкендей, бул ирет белгилүү телеканалдардын биринин видеосун монтаждап, алдамчылар Улуттук банк «Кыргызнефтегаз» менен биргеликте акционерлерге төлөм жүргүзүүнүн уникалдуу системасын иштеп чыкканын кабарлашып, жарандарды ссылка аркылуу 50 миң сом алуу үчүн катталууга чакырышууда. Анын натыйжасында шилтемеге кирген жарандарда жеке банктык маалыматтарын алдамчылардын колуна өткөрүп берүү коркунучу жаралат.

 

«Бул алдамчылык аракеттердин бир түрү. Анын максаты жеке маалыматка ээлик кылуу болуп саналат. Мындай жол менен жарандар эсебиндеги каражаттарын жоготуп алуу коркунучу бар. Эч убакта жеке маалыматыңызды, картаңыздын номерин, PIN-кодду, картанын жарактуулук мөөнөтүн, ошондой эле CVV/CVC коддорун (бул коопсуздук коддору, кол коюу тилкесинде картанын артындагы акыркы 3 сан), SMS (тексттик билдирүүлөр) аркылуу тастыктоочу коддорду үчүнчү жактарга, өзгөчө бейтааныш адамдарга бербеңиз. Текшерилбеген белгисиз шилтемелерге кирбеңиз, ошондой эле ал жакка жеке маалыматтарды жана картаңыздын реквизиттерин жазбаңыз. Баардыгыңыздарды сак болууга чакырабыз!» — деп айтылат маалыматта.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.