Бишкектен «Манас» эл аралык аэропортуна №153 экспресс-автобус каттай баштайт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Каттам Бишкектин 12-кичи районунан чыгып, акыркы аялдамасы «Манас» аэропорту болот. Рейске 17 автобус бөлүнгөн.
Автобустардын жүрүү интервалы 10-12 мүнөттү түзөт. Жолгире накталай 140 сом, карта менен төлөөчүлөр үчүн 122 сом.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.