Алай районунда жаңы мектеп пайда болот

Алай районунда жаңы мектеп пайда болот. Билим берүү мекемеси Кең-Жылга айылында курулат. Долбоордун сметалык баасы 130 миллион сомду түзүп, каражат мамлекеттик бюджеттен бөлүнөт.

 

Белгилеп кетсек, айылдын буга чейинки мектеби 1976-жылы курулуп, авариялык абалга келген.