Ноокатта алма сактоочу логистикалык борбор ачылды

Ноокатта алма сактоочу логистикалык борбор ачылды. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматына караганда, соода логистикалык борбордун жалпы аянты 1 миң чарчы метрден ашып, сыйымдуулугу 1 миң 200 тоннаны түзөт.

 

Аны ачууга 141 миллион сом жумшалды.

 

Борбордо   350 тоннага ылайык мөмө-жемиш сактоочу муздаткыч, таңгактоочу линия, сорттоо жана жуугуч цехтери бар. Ишканада сезон маалында 70ке жакын жумуш орду түзүлөт.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.