Баткен жана Лейлек райондорунда жүргөн селден ички чарбалык жолдор жабылды.
Өзгөчө кырдаалдар миинстрлиги билдиргендей, селден улам Баткен районундагы Айгүл-Таш — Согмент — Таян жолу жабылып, унаа кыймылына чектөө киргизилди. Лейлек районунда нөшөрлөп жааган жаандан улам Раззаков — Андарак — Көк-Таш жолун суу каптап, Тогуз-Булак — Миң-Жыгач каттамы жабылган.
Мындан тышкары Ош облусунун Алай районунун Үч-Коргон — Дароот-Коргон жолун суу каптап, жол убактылуу жабылган.
Учурда эки аймакта тең тазалоо иштери жүрүп жатат.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.