Ошто дээрлик 1 миң 600 үй-бүлө жер көчкү кооптуулугу бар аймакта жашайт

Ош облусунда дээрлик 1 миң 600 үй-бүлө жер көчкү кооптуулугу бар аймакта жашайт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, турак жайлардын баары Өзгөн районунун аймагында жайгашкан. Учурда тургундарга башка жакка көчүү боюнча эскертүү берилди.