Кара-Кулжа районунун Кайын-Талаа айылындагы мектептин курулушу уланууда. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, бүгүнкү күндө жумуштар 70 пайызга аткарылды.
Долбоордо заманбап шарттары менен 275 окуучуга ылайыкталган эки кабаттуу имарат каралган.
2022-жылы башталган мектептин курулушу республикалык бюджеттен каржыланууда.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.