Кыргызстанда 740 миңдей бөбөк бала бакчага барбайт

Кыргызстанда 1-6 жашка чейинки 960 миңдей баланын 740 миңдейи бала бакчага барбайт. Бул тууралуу “Азаттык” Министрлер кабинетинин төрага орун басары Адылбек Касымалиевге таянып жазды.

 

Маалыматка ылайык, учурда Бишкекте 94 муниципалдык бала бакча бар, аларда 25 миң 408 бала тарбияланууда. Дагы 28 миң 494 бала кезекте турат.