Бүгүн кесиптик орто окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуунун биринчи туру башталды. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, болочок студенттерди кабыл алуу “Абитуриент онлайн” электрондук автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу жүргүзүлөт.
Биринчи этап 24-июлга чейин созулат. Экинчи тур 30-июлдан 7-августка чейин жана үчүнчүсү 13-августтан 20сына чейин уланат.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.