Кыргызстанда 58 млн сомго 100 компьютердик класс жабдылды

Биринчи улуттук онлайн-сабакка Кыргызстандагы ЮНИСЕФтин жана Япония өкмөтүнүн колдоосу менен жабдылган мектептердин окуучулары катышты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, ЮНИСЕФ жалпы наркы 58 млн сомдон ашык болгон (650 миң АКШ доллары) 100 компьютердик классты жабдыган.

 

Белгиленгендей, жабдуулар сапаттуу билим берүүнү камсыздоо жана COVID-19 билим берүү системасына тийгизген таасирин азайтуу долбоорунун алкагында Япония өкмөтү тарабынан каржыланган. Долбоор Бишкек жана Ош шаарларынын жаңы конуштарындагы жана өлкө аймактарындагы мектептерди камтыган.