Кыргызстанда кесиптик лицейлерге абитуриенттерди кабыл алуу башталды. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, ал онлайн форматта жүргүзүлүп, 30-августка чейин созулат.
Эреже боюнча лицейлерге мектептин 9-классын же 11-классын аяктаган окуучулар кабыл алынат. Процедуранын жол жобосу боюнча толук маалымат ведомствонун сайтында жеткиликтүү.