Сузакта Кара-Суу дарыясында суунун деңгээли көтөрүлгөнүнө байланыштуу коопсуз жайга эвакуациялангандар үйлөрүнө кайтып келди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 20-июлда сел жүрүп, 56 турак үйгө суу каптоо коркунучу жаралган.
Алардын жашоочулары коопсуз аймакка көчүрүлүп, 35 турак үйдүн короосун сел суулары каптап, 4 чакырым ички чарбалык жолдор жабыркаган.
Ошондой эле катуу шамал 2 социалдык объекттин жана 2 үйдүн чатырын учуруп, 1 электр мамысы кулап, 35 турак үй электр жарыгы жок калган.