Бишкекте таштандыны тиешелүү эмес жерге ыргыткандар камеранын жардамы менен аныкталып жатат.
Мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, мындай алгачкы тартип бузуучулар аныкталып, аларга карата протоколдор түзүлдү.
Эске салсак, таштанды челекке “жетпей калган” жеке жактарга 5 миң 500 сом, юридикалык жактарга 17 миң сом айып каралган. Ал эми өндүрүштүк, өнөр жай таштандысы үчүн жеке жактар 7 миң 500 сом, юридикалык жактар 23 миң сом айыпка жыгылат.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.