Нарынга бюджеттен дээрлик 380 млн сом бөлүндү

Жылдын сегиз айында Нарын облусуна республикалык бюджеттен 379,3 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, анын ичинен бюджеттер аралык трансферттер төмөнкүдөй болду:

 

  • теңдөөчү трансферт — 279,4 млн сом;
  • ыйгарым укуктарды берүүгө – 23,0 млн сом;
  • электрэнергиясына болгон 50% компенсацияга –37,0 млн сом;
  • жер салыгынын жоготууларынын ордун толтурууга – 5,7 млн сом;
  • айыл өкмөттөрдүн башкы планына- 34,2 млн сом.