Бишкек жана Ош шаарларында айрым күндөрү унаа айдоого тыюу салуу сунушталды

Бишкек жана Ош шаарларында айрым күндөрү унаа айдоого тыюу салуу сунушталды.

 

Мэриянын токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Ага ылайык, акыркы номери боюнча белгиленген күнү унаа кыймылына чектөө киргизилет.

 

Алсак, машиненин номери 1 жана 2 сандары менен бүтсө – дүйшөмбү күндөрү, 3 жана 4 болсо – шейшемби, 5-6 – шаршемби, 7-8 – бейшемби, 9 жана 0 менен бүтсө – жума күндөрү жүрүүгө тыюу салынат. Бул мыйзамды бузгандар үчүн жеке жактарга 1 миң сом, юридикалык жактарга 5 миң сом айып салынат.

 

Чектөөлөр иш күндөрү таңкы саат 7ден, кечки 9га чейин киргизилет. Мэрия бул кадам жол тыгынын 20 пайызга азайтат деп эсептейт.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.