Бишкектин алдындагы конуштарга эми таза суу атайын график менен берилет.
“Бишкек суу каналы” ишканасынын маалыматына ылайык, мындай чектөөлөр Арча-Бешик конушунда жана Селекционный, 105 контур, Салкын-Төр, Төмөнкү Орок, Сары-Өзөн, Плодовое, Калтар айылдарында киргизилип, абал жакшырганга чейин күчүндө болот.
Муниципалдык ишканадан билдиришкендей, чектөөлөр суу жеке үйлөрдө сугатка колдонулуп жатканына жана ирригациялык тармактын жоктугуна байланыштуу.