Бишкектин Чүй проспектиси менен Шопоков көчөсүнүн кесилишине жер алдындагы өтмөк куруу пландалууда

Бишкектин Чүй проспектиси менен Шопоков көчөсүнүн кесилишине жер алдындагы өтмөк куруу пландалууда. Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда анын долбоору даярдалып жатат.

 

Буга байланыштуу Чүй проспектисинин Абдрахманов көчөсүнөн Шопоков көчөсүнө чейинки бөлүгүн капиталдык оңдоо иштери 2025-жылга жылдырылды.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.