Бишкекте студенттерге коомдук транспортто жүрүүдө жеңилдик берүү пландалууда

Бишкекте студенттерге коомдук транспортто жүрүүдө жеңилдик берүү пландалууда.

 

Тийиштүү ченемдик-укуктук акт мэрия тарабынан коомдук талкууга чыгарылды. Маалыматка ылайык, учурда “Тулпар” карталарындагы льготалар окуучуларга жана пенсионерлерге гана берилет.

 

Учурда коомдук транспортто жүрүү үчүн стандарттуу күндүк, жумалык жана жылдык карталарын, ошондой эле студенттик карталарды киргизүү каралып жатат.