Кыргызстандагы айыл аймактарга жана шаарларга 10 млн сомдон бөлүнөт

Кыргызстандагы айыл аймактарга жана шаарларга 10 млн сомдон бөлүнөт. Бул тууралуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев билдирди.

 

Маалыматка ылайык, жүргүзүлүп жаткан реформанын натыйжасында республикадагы 452 айыл аймагы 235ке бириктирилди. Шаарларын саны 32ден 33кө көбөйдү, анын ичинен эки калаа облустук маанидеги макам алды.

 

«Эми жаңыдан түзүлгөн аймактарга кошумча каражат бөлүнөт», — деп айтылат маалыматта.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.