Бишкектеги базарларда ижара акысы арзандай турганы айтылды

Бишкектеги бир катар базарлардын администрациясы өз аймагында соода кылгандардын ижара акысын арзандата турганын билдирди.

 

Жеңилдетилген шарттар өкмөттүн салык реформасын колдоого жана ишкерлердин финансылык жүгүн жеңилдетүүгө багытталган.

 

Эске салсак, буга чейин өлкөнүн бир катар базарларында ККМ жана кошумча салык отчетуна каршы митингдер өткөн. Нааразылык акцияларынан кийин УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев базар ээлери соодагерлердин ижара акысын азайтпаса, алар мамлекеттин көзөмөлүнө алына турганын билдирген.