1-октябрдан тарта мамлекеттик адвокаттардын акысы эки эсе көтөрүлөт. Бул тууралуу Юстиция министрлиги билдирди.
Маселен, мурда адвокаттын кызмат акысын төлөөнүн тарифи – шектүү кармалгандан тартып соттук териштирүүгө чейин – 15 миң сомдун тегерегинде болчу. Жаңы токтомго ылайык, адвокаттар 30-35 миң сомдон ала баштайт.
Мындай чара тажрыйбалуу эксперттердин жаңы муунун тартуу, ошондой эле юридикалык жардамдын сапатын жогорулатуу үчүн кабыл алынууда.