Денис Петрашов Париждеги Олимп оюндарында жарым финалга чыкты. Кыргызстандык суучул 200 метрди брасс ыкмасы менен сүздү.
Жалпысынан мелдешке 25 спортчу катышып, алар 4 топко бөлүнүп жарышты.
Петрашов маарага 2 мүнөт 10,99 секундада келди. Муну менен ал өз тобунда 6-орунду ээледи.
Жарым финалдык жарыштар бүгүн, 31-июлга караган түнү Бишкек убактысы боюнча саат 2де башталат.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.