Айсулуу Тыныбекова Азия чемпионатында алтын медаль утту. Ал 62 килограмм салмак категориясында беттешип, монголиялык атаандашын 9:4 эсебинде жеңип алды.
Тыныбекова чейрек финалда өзбекстандык каршылашын 13 секундда далысын жерге тийгизип утса, жарым финалда япониялык Ноноки Озакини жеңген. Муну менен Айсулуу Тыныбекова Азиянын 5 жолку чемпиону болду.