«Ат чабыш» күмүш коллекциялык монетасы жүгүртүүгө чыкты

Бүгүнтөн тарта “Ат чабыш” күмүш коллекциялык монетасы жүгүртүүгө чыкты. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары” сериясындагы күмүш монеталар 8-14-сентябрда Казакстандын Астана шаарында өтө турган V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналат.

 

Белгилеп кетсек, “Ат чабыш” коллекциялык монетасы өлкө аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.